• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунун аймагына кыргыз-түрк өнөр жай зонасын куруу пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Чүй облусунун аймагына кыргыз-түрк өнөр жай зонасын куруу пландалууда. Бул тууралуу инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгына комментарий берип жатып маалымдады.

Анын айтымына караганда, Анкара шаарында Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалары бирлигинин (СПТББ) аянтчасында түрк ишкерлер-комчулугу менен жолугушуу болду. Анда 5 келишимге кол коюлган, ага ылайык, Түркиянын «Остим» өнөр жай аймагынын моделине окшош системаны Бишкекке куруу жана жайылтуу пландаштырылууда. Анда бир аймакка 600дөн ашуун компания чогултулган. Заводдор менен фабрикалар бир жерде топтолуп, өндүрүүчүлөр жана экспортерлор үчүн ыңгайлуу.

«Кыргыз-түрк өнөр жай зонасын Чүй облусунун аймагына куруу пландалууда. Мындан тышкары, биздин компаниялар дагы башка беш келишимге кол коюшту. Алар өз учурунда өнөктөштөрү менен биргелешкен долбоорлорго инвестиция салышат. Долбоорлорду алмаштык, алар бизге өздөрүнүн долбоорлорун сунушташты, биз болсо аларга долбоорлорубузду сунуш кылдык», — деп кошумчалады Алмамбет Шыкмаматов.

Министрдин айтымында, жакында түрк компанияларынын эксперттер тобу Бишкекке келип, өлкөнүн инвестициялык потенциалын иликтешет.

Пикир

Оставить комментарий