• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунун аймагында акыркы аптада 3,3 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында 31-январдан 6-февралга чейинки аралыкта 3 миң 398 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- 43 айдоочу мас абалында унаа башкарган;

- ылдамдыкты ашырып айдаган 1 миң 270 айдоочу кармалган;

- 33 айдоочу тиешелүү документи жок унаа башкарган;

- 91 автоунаа убактылуу айып короосуна токтотулган.

Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий