• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүй облусунун аймагында бир жумада 3,3 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында 30-августтан 5-сентябрга чейин жол эрежесин бузуу боюнча 3 миң 372 факты катталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

Мас абалында унаа башкаруу – 29 факты;
Катуу ылдамдыкта унаа башкаруу – 1 миң 287 факты;
Тиешелүү документтери жок унаа башкаруу – 20.

“Токтотулган унаалардын ичинен 60ы айып аянтчасына киргизилген”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий