• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунун аймагында дээрлик 15 млн погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында коронавирус илдетин алдын алуу максатында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын шаар, райондук бөлүмдөрү тарабынан залалсыздандыруу иш-чаралары уланууда. Бул тууралуу КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Азис Эгембердиев билдирди.

“2020-жылдын 18-мартынан тарта бүгүнкү күнгө чейин 1 104 266 чарчы метр имараттын ичи, 1 263 924 чарчы метр имараттын сырты, 14 891 241 погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылып, иш-чарага 27 072 кг хлор, 600 даана таблеткалуу жана 1007 литр суюк хлор сарпталган”, - деди ал.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, мисалы азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий