• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда

Коом 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Чүй облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кечээ, 2-июлда облус боюнча 130 м2 имараттын ичи, 28700 м2 имараттын сырты жана 108 миң 000 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, 80 кг хлор жана суюк хлор 795 литр колдонулду.

Иш-чарага 28 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий