• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чүй облусунун аймагында көмүрдүн баасына жана коруна мониторинг жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. Чүй облусунун аймагындагы көмүрдүн баасына жана запастарына мониторинг жүргүзүлду. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кызматтын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана көмүрдүн баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө максатында 19-октябрда "Шабыркүл", "Кара-Жыра" ЖЧКларынын отун базаларында, ошондой эле Токмок жана Кара-Балта шаарларында көмүр сатуу пункттарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Токмок шаарындагы Кара-Кече кенинин көмүрү тоннасы 4600-4700 сомдон, ал эми Кара-Балта шаарында тоннасы 4700-5000 сомдун тегерегинде, мүшөгү 230-250 сомдон сатылып жатканы аныкталды.

Чүй облусунун отун базаларындагы Шабыркүл жана Кара-Жыра кендеринин көмүрүнүн чекене баасы тоннасына 5000 сомду түзөт.

"Облус аймагындагы көмүр рыногунда абал туруктуу, учурда 10 отун базасы, 72 стационардык чекит жана 100дөн ашык майда көмүр сатуу түйүндөрү иштеп жатат. Көмүрдүн запастарынын көлөмү болжол менен 16 миң тоннаны түзөт. Калк арасында ызы-чуу жок", - деп айтылат маалыматта.

Кызматкерлер тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында сатуучуларга монополияга каршы мыйзамдардын сакталышы, ошондой эле тиешелүү текшерүүдөн өткөн таразалары жана баа биркалары болушу боюнча эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий