• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй облусунун аймагында кооптуу делген беш суу объектиси бар — тизме

Аймак 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында кооптуу делген беш суу объектиси бар. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Министрликтин маалыматына караганда, Чүй облусунун аймагында жалпы 399 суу объект катталган.

Алар — 217 көлмө, сууга түшүүгө мүмкүн болгон 6 чоң канал, 17 агын суулар (дарыялар), 26 суу сактагыч, БСР/БДР 111, бассейндер 22 бар. Суу объектилери сууга түшкөнгө ылайыкташтырылбаса да, жайкысын эс алууга максат алган жарандар дал ушул кооптуу жайларга барышат. Айрым учурларда кокустук болуп, сууга чөгүп кеткен наристелер да бар.

Төмөндө облус аймагындагы эң кооптуу делген 5 суу объектилери:

  1. Чоң Чүй каналынын узундугу 145 км, туурасы 5-6 метр, тереңдиги 3 метрди түзөт. Жалпы 4 жыл аралыгында, ар кандай себептер менен 25 адам сууга чөгүп каза болгон (12 эркек, 12 аял).
  2. Чу дарыясынын узундугу 180 км, туурасы 6-10 м, тереңдиги 2-5 метрди түзөт. Жалпы 4 жыл аралыгында, ар кандай себептер менен 9 адам сууга чөгүп каза болгон (2 эркек, 5 аял).
  3. Ала-Арча суусунун узундугу 78 км туурасы 4-7 метр, тереңдиги 0,5-1 метрди түзөт. Жалпы 4 жыл аралыгында, ар кандай себептер менен 6 адам сууга чөгүп каза болгон (4 эркек).
  4. Сокулук суусунун узундугу 87 км туурасы 4-7 метр, тереңдиги 0,5-1 метрди түзөт. Жалпы 4 жыл аралыгында, ар кандай себептер менен 1 адам сууга чөгүп каза болгон (1 эркек).
  5. Ала-Арча суу сактагычынын янты болжол менен 5,21 км. Акыркы 4 жыл ичинде 6 адам ар кандай себептер менен сууга чөгүп каза болгон (4 аял, 2 эркек).

Чүй облусунун аймагында 2016-жылдан тартып 2020-жылга чейин 163 адам ар кандай себептер менен сууга чөгүп каза табышкан.

Анын ичинен:

2016-жылы - 41 адам, 35-эркек, 2-аял, 4-жаш бала;

2017-жылы - 35-адам, 19-эркек, 3-аял, 13-жаш бала;

2018-жылы - 38-адам, 23-эркек, 6-аял, 9-жаш бала;

2019-жылы – 46 адам, 31 – эркек, 3-аял, 6 – өспүрүм, 6 – жаш бала.

2020-жылдын беш айында 3 эркек адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий