• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облусунун аймагындагы күнөсканадан атайын өстүрүлгөн кара куурай жана анын көчөттөрү табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ( БМЖККК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун аймагындагы күнөсканадан атайын өстүрүлгөн кара куурай жана анын көчөттөрү табылып алынды. Бул тууралуу ИИМ БМЖКККнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 273-беренесинде (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) каралган белгилер боюнча катталган.

"Тинтүү жана атайын тергөө иш-аракеттеринин жүргүзүүнүн натыйжасында, Чүй облусунун аймагындагы күнөсканадан атайын өстүрүлгөн кара куурай жана анын көчөттөрү табылып алынган. Мыйзамсыз жүгүртүлгөн кара куурайдын салмагы 160 килограммды түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий