• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй облусунун аймактары дезинфекцияланды - ӨКМ

Аймак 0


Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Чүй облусунун аймактары залалсыздандырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-апрелде ӨКМ тарабынан Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын Почтовый базарынын айланасы, Т.Кожомбердиев, Свердлов, Тынчтык көчөлөрү жана тротуарлар, көп кабаттуу үйлөрдүн короолору, дарыканалар, соода түйүндөрүнүн аянтчалары дезинфекцияланды.

Белгилей кетсек, жалпы 4000 погондук метр унаа жолдор жана 4000 чарчы метр аянтта дезинфекциялоо иш чаралары жүргүзүлдү. Аталган иш-чара өлкөбүздүн ар бир аймактарында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий