• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй облусунун башчысы: Коронавируска кабылган 14 бейтаптын абалы оор

Аймак 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Чүй облусунда коронавируска кабылган 14 бейтаптын абалы оор, ал эми бир адамдын абалы өтө оор деп бааланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Чүй облусунун башчысы Мирбек Мияров билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда 201 бейтап ооруканада жатат, анын ичинен 186 адамдын абалы орто.

"Облуста коронавируска кабылгандардын ичинде 178 мектеп окуучусу, 123 мугалим бар. 2020-жылдын 20-сентябрынан тарта облуста коронавирус жуккандардын саны көбөйө баштаган. Бул калыктын санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактабагандыгына байланыштуу болууда", - дейт Мияров.

Анын билдирүүсүнө караганда, Чүй облусундагы ооруканаларда 355 бош орундук бар.

Пикир

Оставить комментарий