• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунун башчысынын орун басары облуста коронавирус аныкталган учурлардын өсүшүнүн себептерин айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова облуста коронавирус аныкталган учурлардын өсүшүнүн себептерин айтып берди.

“Чүй облусунда коронавирус аныкталган учурлардын өсүшүн бир нече себептер менен түшүндүрүүгө болот. Алар: чет жерден жарандарыбыз келип жатканына байланыштуу сырттан жугузуп келген учурлардын көбөйүшү; жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын арасында оорунун табылып жатканы; Бишкек шаарындагы мекеме-ишканаларда иштеген Чүй облусунун жашоочуларынын арасынан илдетти жуктуруп алгандардын санынын өсүшү. Мындан улам алар менен байланышта болгондордун саны да артып жатат”, - деди ал.

Анын айтымында, учурда 1 миң 277 киши үй карантининде жатат. 7 миң 566 үй карантининен чыгарылган. Обсервацияда 161 жаран болууда. Алардын ичинен 76сы медицина кызматкери.

Пикир

Оставить комментарий