• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Чүй облусунун Беловодск айылында бир катар уурулук фактыларынын бети ачылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Чүй облусунун Беловодск айылында бир катар уурулук фактыларынын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында бир катар уурулук фактыларынын бетин ачылган.

Буга чейин Москва РИИБне телефон уурдоо фактысы боюнча арыз менен 25 жаштагы Т.К кайрылган. Ошондой эле райондук ички иштер бөлүмүнө Н.В. "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаанын аккумулятору жана видеорегистратору уурдалгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Экөө тең Беловодск айылынын тургундары болуп чыккан. Жогорудагы фактыга шектүү катары 46 жаштагы С.И. өздүгү такталып, кармалган.

Мындан тышкары, райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургундардан уурулук фактылары боюнча дагы 4 арыз катталган:

1) Беловодск борбордук парктан каруселдин мотору уурдалып кеткен, ага тиешеси бар деп 25 жаштагы Б.М. кармалган;

2) Беловодск борбордук паркындагы темир будкадан электр щити уурдалган, келтирилген зыяндын баасы 170 миң сомду түзгөн. Маалыматка ылайык, ага тиешеси бар деп 29 жаштагы Ж.А. жаран кармалган;

3) Беловодск айылынын көчөлөрүнүн бириндеги дүкөндөн жергиликтүү Т.В. аттуу тургундун акча жана документтер салынган капчыгын уурдап кетишкен. Бул факты боюнча РИИБге 67 жаштагы М.А. алынып келген;

4) Беловодск айылынын тургуну кафеде белгисиз адамдар уюлдук телефонун уурдап кетишкен айтып карылган, бул факты боюнча 49 жаштагы Б.Н. аттуу жаран райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Бардык фактылар КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык катталган. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий