• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй облусунун ички иштер органдарында саптык кароо өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта Чүй облусундагы райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө Нооруз майрамынын алдында саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББнын жетекчилиги кураторлук кылган ички иштер бөлүмдөрүндө саптык кароого катышты. Жер-жерлерде өздүк курамдын күнүмдүк кийип жүрүүчү формалары текшерилип, кесиптик деңгээлдерин жогорулатуу жана жарандар менен тыгыз иш алып баруу боюнча тапшырмалар коюлду. Ошондой эле иш-чарада КР ИИМдин жана Чүй ОИИББнын тиешелүү буйруктары тааныштырылды.

Сокулук РИИБнин өздүк курамына өткөрүлгөн саптык кароого Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары Айбек Ажыбаев, Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев, Сокулук РИИБнин жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Өткөрүлгөн саптык кароодо, келе жаткан Нооруз майрамын өткөрүү учурунда жер-жерлерде коомдук коопсуздукту сактоо жана кылмыштуулукту алдын алуу ошондой эле жол кырсыктарына бөгөт коюу боюнча нускамалар өткөрүлдү.

Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары А.Ажыбаев өздүк курамга Кыргыстандын президентинин жарлыгын жер-жерлерде жайылтуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүсү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле милиция кызматкерлери өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарып, жарандар үчүн ар дайым ачык болуусу жана өзүк курам ичинде мыйзамсыз иштерге жол бербөө боюнча КР Ички иштер министрлигинин талаптары, буйруктары жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий