• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10-январынан 14-январына чейин Кемин, Ысык-Ата, Панфилов райондорунун жана Токмок шаарынын ИИБдеринин кызматкерлери тарабынан милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасы менен жергиликтүү тургундар арасында алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара учурунда Кемин РИИБнин аймактык тескөөчүлөрү жергиликтүү жашоочуларга жана мал кармаган сарайлардын ээлерине мал уурулуктарды жана мүлк уурулуктарды болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан сырткары, малды жана баалуу буюмдарды кароосуз калтыруу уурулук кылмыштарына шарт түзөрү айтылды.

Токмок шаардык ИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чаралар учурунда шаар тургундары менен кылмыштуулукту жана башка тартип бузууларды алдын алуу ошондой эле кылмыштар же мыйзам бузуулар тууралуу күбө болгондор дароо ИИОнун кызматкерлерине билдирүүсү зарыл экендиги айтылды.

Ал эми Кант шаарында ИИБдин аймактык тескөөчүлөрү чөнтөк уурулуктарды жана башка кылмыштарды алдын алуу боюнча жергиликтүү жашоочуларга алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Жолугушууда коомдук транспорттордо жана коомдук жайларда өздөрүнө сак болуу боюнча иштер улантылды.

Панфилов райондук ИИБнин аймагында ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоону алдын алуу иштери жүргүзүлүп, курал-жарак сактаган жарандардын сактоо эрежелери текшерилди. Иш-чарада курал-жарактарга байланыштуу коопсуздук эрежелери эскертилди.

Чүй облусунун аймагында бардык райондук-шаардык ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, анда жарандардын ар түрдүү суроолоруна жооптор жана манилүү кеңештер берилди.

Пикир

Оставить комментарий