• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунун Кайгуул күзөт кызматынын жаш кызматкерлери ант берди

Коом 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-октябрда Лебединовка айылындагы Чүй облусунун ички ишер башкармалыгынын аянтчасында окуусун ийгиликтүү аяктаган жаш кызматкерлердин салтанаттуу ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, катарында бир нече кыз болгон 50гө жакын милиция кызматкерлери адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого жана коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоого, чынчыл болууга, коопсуздукту, мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча милдеттерин татыктуу аткарууга ант беришти.

Иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги, Чүй облусунун ички иштер органдарынын ардагерлери жана чакырылган коноктор катышты.

Алар өз кезегинде салтанаттуу ант бергендердин бардыгына ички иштер органдарынын кызматкери деген наамга татыктуу болушун каалап кетишти.

Пикир

Оставить комментарий