• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чүй облусунун кол күрөш боюнча командасы КР Кубогун жеңди

Спорт 0

Бишкек, 18.12.18. /Нуржигит Бейшебаев – Кабар/. 15-декабрда Бишкекте кол күрөш боюнча Кыргызстандын Кубогу болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Жарышта 11 балбан билектен турган 8 команда катышкан. Ар бир командага эркектер, кыз-келиндер, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кирген.

Мелдеште Чүй облусунун командасы Кыргызстандын Кубогун жеңип, аларга 30 миң сом сыйлык берилген. Экинчи орунду Жалал-Абаддан келген команда алса, үчүнчү орунга Ысык-Көл облусунун Барскоон айылынын спортчулары ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий