• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунун медициналык мекемелерине дагы 50 кычкылтек концентратору берилди

Аймак 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Чүй облусунун медициналык мекемелерине дагы 50 кычкылтек концентратору, жеке коргонуучу каражаттар жана пульсоксиметрлер берилди.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Алтынбек Намазалиев инспекциялык турдун алкагында медициналык мекемелерге техника жана жеке коргонуучу каражаттарды жеткирген.

Анын айтымында, пандемия башталгандан бери облустагы медициналык мекемелерге жана күндүзгү стационарларга баары 600гө жакын кычкылтек концентратору берилген.

"Кыш мезгилинде кычкылтек концентраторлорунун натыйжалуулугу төмөндөгөндүктөн биз ооруканаларга кычкылтек берүүчү системаларды орнотуп жатабыз", - деген ал.

Анын айтымында, облустагы медициналык мекемелерде жеке коргонуучу каражат жана дары-дармектердин төрт айлык запасы бар.

Пикир

Оставить комментарий