• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунун Озерная айылындагы жаңы мектептин курулушу 70%га аяктады

Коом 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Озерная айылындагы жаңы мектептин курулушунун бүткөрүлүшү 75%ды түзөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кабарлайт.

Объекттин курулушу 2019-жылдын октябрында башталып, долбоордук кубаттуулугу 375 окуучулук орунга эсептелген. Имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынын эсебинен каржыланууда.

Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан шыбак иштери, жыгач полдорду коюу, электр орнотмолору, сырткы дубалдарды жылуулоо жана имараттын кирүүчү эшиктерин орнотуу жумуштары аяктоодо. Учурда ички-тышкы жасалгалары жана абаттуулугу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Аталган объекттин наркы 1 млн 526 миң 804 АКШ долларын түзөт, анын ичинен 611 718 АКШ доллары каржыланды. Мектептин курулушун аяктоо 2021-жылдын сентябрына пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий