• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй облусунун Озерная айылындагы жаңы мектептин курулушу 85%га бүттү

Билим 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Озерная айылындагы жаңы мектептин курулушунун бүткөрүлүшү 85%ды түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан штукатуркалоо иштери, жыгач полдорду коюу, электр орнотмолору, сырткы дубалдарды жылуулоо жана имараттын кирүүчү эшиктерин орнотуу жумуштары аяктап, ички жасалгалары, тышкы келбети жана абаттуулугу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилеп кетсек, аталган объект 2019-жылдын октябрь айында башталган. Анын долбоордук кубаттуулугу 375 окуучуга ылайыкталган, наркы 1 млн 526 миң 804 долларды түзөт, анын ичинен 870 миң 278 доллары каржылады.

Мектептин куруушунун аяктоосу бекитилген графикке ылайык, 2021-жылдын жаңы окуу жылына пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий