• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунун Ровное айылында жаңы бала бакча ачылды

Коом 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районундагы Ровное айылында жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу АРИСтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 50 орундук бала бакча Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) ишке ашырып келген КР өкмөтү, Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланган “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында курулду.

Жаңы бала бакчанын аянты 949 чарчы метрди түзүп, имаратта уктоочу бөлмөлөр, музыкалык зал, буфет, процедуралык жана медициналык кабинеттер, техникалык бөлмө бар.

Панфилов районунун Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн башчысы Жаңылмырза Баязованын айтымында, бала бакча бардык стандарттар менен салынган. “Бул бала бакчада орто тайпа жана жогорку тайпанын балдары тарбияланышат. Имарат толугу менен заманбап талаптарга жооп берет. Эми жергиликтүү тургундар балдарын коңшу айылдардын бала бакчаларына алып барып, убара болбой калышат”, - деди ал.

Ровное айылынын башчысы Кайнар Өмүркулов жаңы курулган бала бакча ачылышы менен 20 адам жумуш орду менен камсыздалгандыгын билдирди. “Ошондой эле мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүүсү жана билим алуусу үчүн шарт түзүлүп жатат”, - деди ал.

“Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун эксперти Гүлмира Ажибаева имарат 10 айдын ичинде курулганын маалымдады. “Долбоор КР өкмөтү жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан демилгеленген. Бул бала бакчаны курууга 23 098 759 сом сарпталды”, - деп кошумчалады ал.

Маалымат үчүн: “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты – жакырчылыкты жоюу жана коомчулуктарда аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Долбоордун бюджети 11 млн АКШ доллары. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2017-2021-жылдар.

Пикир

Оставить комментарий