• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу: 1000ден ашык спортчу күч сынашууда

Спорт 0

Бишкек, 30.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-агустта Кант шаарындагы Абдыш-Ата стадионунда КР президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу үчүн спорттук биринчилик өтүүдө.

Облустун спорттук командалары гира спорту, аркан тартыш, кол күрөш сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча күч сынашууда. Андан тышкары, волейбол, кичи жана чоң футбол боюнча дагы беттештер өтөт.

Маалыматка ылайык, биринчиликке 100дөн ашык футбол жана волейбол командалары, кол күрөш, аркан тартыш жана гира спорту боюнча миңге жакын спортчу катышууда.

Аталган спорттук иш-чараны өткөрүүгө облус башчысынын жеке каражатынан 5 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий