• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй ОИИБдин мурдагы башчысына аялы бычак сайды

Кырсык 0

Бишкек, 18.07.18./Кабар/. Чүй облусттук ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) мурдагы башчысы Нурлан Сарчаев денесине сайылган бычактан улам ооруканага жеткирилди. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, Сарчаевге бычакты анын жубайы 1983-жылкы М.Б., сайган.

234-беренеге (турмуштук жаңжал) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү учурда Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Н.Сарчаевге операция жасалып, ооруканада. Окуяга турмуштук пикир келишпестик себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий