• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй ОИИББде мамлекеттик Туунун 26 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 03.03.18 /Кабар/. 2018-жылдын 3-март күнү Чүй облусунунун ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун кабыл алгандыгынын 26 жылдыгына карата сапка тизилишти. Бул тууралуу Чүй ОИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Туусун Гимндин коштоосунда көтөрүү менен башталды. Чүй облусунун ИИББнын башчысы, милициянын полковниги Сарчаев Нурлан Асанбекович өздүк курамды мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгына 26 жыл толушу менен куттуктап, анын тарыхына токтолуп, ошол мезгилден тарта Кыргыз Республикасынын желеги эл аралык деңгээлдерде өткөрүлгөн иш-чараларда желбиреп жатканы сыймык экенин кошумчалады.

Иш-чаранын соңунда кыматкерлер салтанаттуу жүрүштөн өтүшүп, жумуш орундарына тарашты.

Пикир

Оставить комментарий