• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй, Ош, Нарын облустарында "Тилектештик автобусу" юридикалык жардам көрсөтөт

Коом 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Чүй, Ош, Нарын облустарында "Тилектештик автобусу" юридикалык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, акция 13-марттан 25-мартка чейин өтөт.

"Акция учурунда пенсия, жөлөкпул, паспорт, туулгандыгы туралуу күбөлүк алуу, жер-үлүштөрү, үй-бүлө куруу, ажырашуу ж.б. маселелери боюнча мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине суроолорду берип, жооп алса болот", - деп белгилешти министрликтен.

Жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында акция административдик, билим берүү, коомдук, профилактикалык борборлордо уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий