• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй, Ош жана Баткен облустарында жүн өндүрүүнүн көлөмү азайды

Экономика 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-августуна карата республиканын бардык категориясындагы чарбалык субъетилерде 13 миң 91 тонна жүн өндүрүлдү. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 99,9 пайызды түзгөн.

Алсак, Баткен (98,3 %), Ош (98,5 %) жана Чүй облустарында (98,8 %) жүн өндүрүүнүн көлөмү азайгандыгы байкалат.

"Райондук агрардык башкармалыктарынын башчыларынын маалыматтары боюнча, койлорду кыркуу кампаниясы аба ырайынын суук болгондугуна карата кечирээк башталгандыгы менен байланыштуу жана 9 айдын жыйынтыгы боюнча жүн өндүрүү республикада былтыркы жылдан көбүрөөк болушу күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий