• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй райондук милициясы кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 5-июнунан баштап Чүй райондук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик менен биргеликте жапайы кара куурайды жок кылуу иш-чарасын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу облустьук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын алкагында короо жана кара куурай жабыркаган аймактарды айланып өтүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада, аянты 0,5 гектардан ашык, салмагы 500 килограмм жапайы кара куурай аныкталып, жок кылынды. Өсүмдүктөр алгач чабылып, андан кийин өрттөлдү.

Ошондой эле милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен бирге баңгизаты бар өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүүгө байланыштуу жоопкерчилик, ошондой эле аларды жок кылуу иш-чараларын өткөрүүсү зарыл экени боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Чүй облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жыл сайын кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чараларды өткөрүп келишет. Ушундай эле рейддик иш-чаралар учурда Чүй облусунун бардык аймагында өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий