• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй райондук милициясы жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Чүй районунун Шамшы, Онбир-Жылга, Маданият жана башка айылдарында милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушуу уюштурушту. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага Чүй РИИБинин жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аймактык тескөөчүлөр жана жергиликтүү тургундар катышты.

Чүй РИИБинин башчысы Э.Исмаилов жолугушуунун катышуучуларына, милиция кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарга токтолуп, андан сырткары жашоочулар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

Исмаилов жашоочуларды кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерге күбө болсо дароо ички иштер бөлүмүнө кабарлоого чакырып, мындай аракеттер кылмыштарды алдын алууга чоң өбөлгө болорун белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулук жана башка маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий