• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй райондук милициясынын башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрынан баштап жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн уугу жана жеринен чечүү, жарандар менен тыгыз жана ишенимдүү иштешүү максатында Чүй облустук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери аймактын тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-декабрь күнү Чүй РИИБнин башчысы Эрлан Исмаилов жана Чүй районунун акими Ак-Бешим айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Аталган жолугушууда Эрлан Исмаилов кылмыштуулук менен күрөшүү, укук бузууларды алдын алуу чөйрөсүндөгү милициянын аткарган ишмердүүлүгү боюнча отчетторду берип, мындан сырткары, орун алган көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү үчүн маселелерди көтөрдү.

Райондук милициянын жетекчиси тарабынан укук тартип маселелерин жана милициянын ишмердүүлүгүн талкуулоо үчүн айылдын тургундарына криминогендик абал жана милиция кызматкерлеринин кылмыштардын алдын алуудагы иштери боюнча маалыматтар айтылды.

Андан сырткары, райондук милиция жетекчиси 1-декабрдан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстер жөнүндө жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элге сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө милициянын көчмө кабылдамаларынын ролу жогору экенин баса белгиледи.

Жолугушууга катышкан жарандардын көтөрүлгөн маселелери милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынды жана аны натыйжалуу чечүү боюнча бир нече тапшырмалар дагы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий