• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй районунда адам уурдоого шектүү 3 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Чүй районунда адам уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кыматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-сентябрь күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Искра айылында киши уурдоо фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, териштирүү жүргүзгөн учурда 2021-жылдын 17-сентябрь күнү болжол менен саат 21:00 чамаларда бейтааныш 3 адам 1990-жылы туулган М.А. аттуу жаранга карата күч колдонуп, аны белггисиз тарапка уурдап кетишкени маалым болгон.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Адам уурдоо" беренеси менен катталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Чүй районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан изи сууй электе бул кылмышка шектелишип 1994-жылы туулган М.И., 1995-жылы туулган Ж.Д. жана М.С. аттуу жарандар кармалышкан.

Териштирүү учурунда шектүүлөр жабырлануучуну Чүй районунун аймагынын сыртына алып чыгышып, коркутушуп, 100 миң сом акча талап кылышканы маалым болгон.

Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий