• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй районунда бейбаштыкка шектелип УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Чүй районунда бейбаштыкка шектелип УКТ мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-январь күнү Чүй РИИБине арыз менен Чүй районуна караштуу Кара-Ой айылынын 60 жаштагы С.О. аттуу жараны кайрылып, чала тааныш адам ага орой мамиле кылып, денесине залал келтиргенин билдирген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү делип КР ИИМдин ыкчам алдын алуу боюнча каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 40 жаштагы Э.Т. атту жаран кармалган.

Азыркы учурда шектүү адам Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Тергөө иш-амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий