• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй районунда COVID-19дун алдын алуу боюнча иш-чаралар тынымсыз негизде өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Чүй районунда COVID-19дун алдын алуу боюнча иш-чаралар тынымсыз негизде өткөрүлүүдө.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күнү жугуштуу илдетке кабылгандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу ар бир жаран жеке гигиеналык көңүл буруп, дарыгерлер тарабынан сунушталган талаптарды так сактоо зарылдыгы милиция кызматкерлери тарабынан эскертилүүдө. Мындай алдын алуу иш-чаралар Чүй районунда да күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатат. Анда ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жашоочуларды учурдагы кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылып, коомдук жайларда беткап тагынып, антисептикалык каражаттар менен колдорду дезинфекциялоо зарыл экендиги эскертилди.

Алдын алуу иш-чаралары учурунда талаптарды сактабай жүргөн жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир жарандын жоопкерчилиги жугуштуу илдеттин жайылуусун алдын алууга чоң салым болоору түшүндүрүлдү. Иш-чарада соода түйүндөр, коомдук тамактануучу жайлар, жана башка техникалык тейлөөчү жайларда текшерүүлөр жүргүзүлүп, алардын администрацияларына тазалыкты сактап, дезинфекция жумуштарын өз убагында жүргүзүү зарылдыгы эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий