• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй районунда эки унаа кагышып, 2 адам жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Чүй районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-март күнү саат 23:26 чамасында Чүй районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында (Арал айылы) “Mercedes-Benz Sprinter” менен “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек адам жеңил жаракат алган.

Жерине куткаруучулар тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандар жолдо бараткан унаанын жардамында ооруканага кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий