• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй районунда "Камкордук" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Чүй районунун аймагында "Камкордук" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Рейд кароосуз калган, оор шарттарда жашаган, мектепке барбаган балдарды аныктоо жана алар менен тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн уюштурулган.

Иш-чарада 35тен ашуун ар түрлүү жайлар, компьютердик клубдар, курулушу бүтө элек имараттарда текшерүүлөр жүргүзүлдү. Андан сырткары, тейлөө көрсөтүүчү жайлар, кафе-ресторандар, унаа жуучу жайлар жана башка өспүрүмдөр иштөөгө мүмкүн болгон жайлар текшерилди. Иш-чарада Чүй районундагы орто мектептерге милиция кызматкерлери тарабынан 60тан ашуун лекциялар окулду.

Ошондой эле 17-18-ноябрь күндөрү аба ырайынын суук болуп, жолдордогу тайгактан улам Чүй РИИБнин кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жөө жүргүнчүлөргө алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Мектеп окуучуларына жолдордон жөө өтмөктөрдөн гана өтүү эскертилди.

Мындан сырткары, рейд учурунда көмүр саткан жарандар менен жолугушуулар болуп, бааларды жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий