• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүй районунда кылмыштуулуктун алдын алуу иштери улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Кечээ, 23-декабрда Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Чүй районунун Арал айылынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүп, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүздү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундардын милиция кызматкерлеринин жумушуна байланыштуу кайрылууларын, ошондой эле башка социалдык маселелер боюнча билдирүүлөрүн угуп, жергиликтүү тургундарга тиешелүү кеңештер берилди. Андан сырткары, уурулук жана башка кылмыштардын алдын алуу чараларды көрүү боюнча эскертмелер берилди.

Ошол эле иш-чарада жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды алдын алуу, түнкүсүн ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок көчөдө жүрүүсүнө жол бербөө үчүн балдарга көзөмөлдү күчөтүү, аларды пайдалуу нерселер менен алектендирүү зарылдыгы эскертилди.

Иш-чараны алкагында 24-декабрь күнү Чүй РИИБи тарабынан мектеп окуучулары арасында "Биз зордук-зомбулукка каршыбыз" аталышында дилбаян жазуу боюнча сынак жарыяланып, анын жыйынтыгында эң мыкты жазган 6 окуучу тандалып алынган. Аларга Чүй РИИБнин башчысы Эрлан Исмаилов мактоо баракчаларды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий