• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Чүй районунда милиция мектеп окуучулары арасында "Жөө өткөөл" иш-чарасын өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-19-октябрь күндөрү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Жөө өткөөл” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага Чүй РИИБнин аймактык тескөосүлөрү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын максаты жаш өспурүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын-алуу жана андай кырсыктарга бөгөт коюуга багытталган.

Чүй районунун аймагында жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан орто мектептердин окуучуларына, “жөө өтөөлдөн коопсуз өтүү”, “жол эрежелерин сактоо” боюнча сабактарды окушуп, район аймагында жалпысынан 45 лекция уюштурулду.

Окуучулар бул лекцияга активдүү катышышып, коопсуздук эрежелерине байланыштуу кошумча суроолорун берип жоопторду алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий