• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй районунда милициянын көчмө кабылдамасы алдын алуу жумуштарын жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу максатында Чүй облусунун аймагында бир топ жумуштар аткарылууда. Айтсак, коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу жумуштары кызуу жүргүзүлүүдө, - деп кабарлайт Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Чүй районунда милициянын көчмө кабылдамасы алыскы айылдарга чейин барып, калк арасында жугуштуу илдеттин алдын алуу жана жайылтпоо максатында бир нече иштерди алып барып, жеринде тургундардын көйгөйлөрүн чечүү жана тиешелүү кызматтарга жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Чүй районундагы милициянын көчмө кабылдамасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жыл башынан бери 334 жолу район аймактарына чыккан. Жер-жерлерде 100дөн ашуун ар түрдүү кайрылууларды кабыл алышып, алар убагында чечилген. Жарандар көчмө кабылдамага арыз жана даттанууларын айтышып, ошондой эле юридикалык кеңештерди алышкан", - деп айтылат маалыматта.

Учурда жайкы эс алуу мезгили болгондуктан, өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды жана башка кырсыктарды алдын алуу багытында Чүй ОИИББдин кызматкерлери тарабынан ата-энелерге жана өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий