• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй районунда сууга түшүүдөгү коопсуздукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Чүй районунда сууга түшүүдөгү коопсуздукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күндүн ысышы жана жай мезгилинин келиши менен сууга түшүү мезгили башталып, адамдардын сууга түшүүсү күч алып жаткандыгына байланыштуу, суудагы бөөдө кырсыктарды алдын алуу максатында, КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Чүй райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан суу объектилеринде, эл көп чогулуучу жайларын кыдыруу менен жергиликтүү калкка сууга түшүүдөгү коопсуздукту сактоо жана сууга түшүүгө ыңгайлаштырылбаган жайларда сууга түшпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан тышкары кооптуу суу аймактарына «сууга түшүүгө болбойт» деген эскертме такталар орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий