• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Чүй районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-декабрында Чүй РИИБине М.К. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, анын короосундагы темир буюмдарын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Чүй РИИБи тарабынан КР кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Чүй облустук ИИББнын жана Чүй райондук ИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектелип 43 жаштагы М.Б. аттуу жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда шектүү жарандын дагы ушул сыяктуу 6 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий