• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй районунда уурулукка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Чүй районунда уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 16-мартында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Арал айылынын жашоочусу Д.Х. арыз менен кайрылып, 15-марттан 16-мартка караган түнү арыз ээсинин эгин талаасындагы күнөскананын темирлерин белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 45 миң сомду түзгөн.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реесртине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй РИИБинин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип, 1999-жылы туулган М.У.,
1993-жылы туулган М.К., 2003-жылы туулган К.У. жана 2004-жылы туулган М.М. аттуу жарандар кармалган.

Кармалган жарандардын үчөө убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий