• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чүй районунда жапайы өскөн кара куурайлар жок кылынды

Коом 0

Бишкек 15.08.22. /Кабар/. 8-14-август аралыгында Чүй районунун аймагында “Кара куурай” коддук аталыштагы ыкчам алдын алуучу иш-чаранын 2-этабы өткөрүлдү.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Чүй районунун Арал айыл өкмөтүнүн айыл башчысы менен биргеликте Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Арал айылынын чыгыш тарабында жайгашкан аймакта жапайы өскөн кара куурай орулуп, тазалоо иш-чаралары өткөрүлүп, болжол менен 200 кг кара куурай жок кылынды.

Ошондой эле Арал айылында жашаган жашоочуларга жапайы өскөн кара куурайды өстүрбөө, өскөн куурайларды ордунан жок кылуу талаптары түшүндүрүлүп, тургундардын үйүнүн айланасындагы кара куурайлар убагы менен жок кылынбаса аларга протокол түзүлүп, айып пул салынаары эскертилди.

Азыркы күндө милиция кызматкерлери баңгизаттарды колдонуучу жана ташычуулардын көмүскө жайлары боюнча маалыматтарды жайылтуучу жерлерди аныктоо, ошондой эле баңгизаттарды сактаган жерлерди табуу боюнча иштерди жүргүзүп келет. Психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сатып жана пайдаланып жургөн адамдарды тактап, алардын кылмыш жолуна бөгөт коюу жана психотроптук баңгизаттарды алуу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүүлүдө. Азыркы тапта Чүй РИИБнүн өздүк курамы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган иш-чараларды улантууда.

Андан сырткары, айыл тургундары менен уурулукту, сууга чөгүүлөрдү алдын алуу, кылмыштуулукка жана укук бузууларга жол бербөө багытында маектешүүлөр болуп, кызыккан суроолоруна жооптор берилди.

Пикир

Оставить комментарий