• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй районунда жер кыртышындагы суунун деңгээлин төмөндөтүү уланууда

Аймак 0

Бишкек, 25.01.18. /Кабар/. Чүй районунун Чүй айылында жер кыртышындагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, суу деңгээлин төмөндөтүү максатында КР ӨКМнен 1 экскаватор тартылып, ачык коллектордук дренаж түйүндөрүн тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, 24-январда Чүй айылындагы Колхозный көчөсүндө ачык типтеги коллектордук дренаждык түйүндүн 420 метр жана Луговая көчөсүндө 180 метр аралыгы тазаланды.

ӨКМден кабарлашкандай, тазалоо иштери бүгүн, 25-январда улантылат.

Пикир

Оставить комментарий