• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүй районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Чүй районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 11-октябрь күнү саат 22:52 чамасында Чүй районундагы Чүй айылынын С.Ибраимов көчөсүндө “Volkswagen Passat” жана “Chevrolet” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада 20 жаштагы кыз жабыркаган.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, жабыркаган адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий