• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй районунун Искра кыштагында тургундар кабель чубалгысын үзүп алышты

Коом 0

Бишкек, 17.10.17 /Кабар/. Кечээ күнү, 16-октябрда, саат 17:00дө жергиликтүү мечеттин тосмолорун курууда (жер казуу иштеринде) тургундар тарабынан №477 трансформаторунан 6 кВ чыңалуусундагы № 41 аба чубалгы тирөөчүнүн аралыгындагы 6 кВ кабель чубалгысы үзүлгөн. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынтыкта, 17 октябрь эртең менен 60га жакын үйлөр электр энергиясыз калууда: бул участокто керектөөчүлөрдү башка электр булагына кошууга техникалык мүмкүнчүлүк жок. Ошол эле учурда күнөөкөрлөр үзүлгөн кабелди калыбына келтирүү боюнча иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий