• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй театрында Айтматовдун акыркы романы боюнча спектакль даярдалууда

Маданият 0

Бишкек, 14.08.18 /Кабар/. Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрында Чыңгыз Айтматовдун акыркы “Тоолор кулаганда” романынын негизинде жаңы спектакль даярдалууда.

Спектаклди белгилүү казакстандык театралдык режиссёр Бекпулат Парманов коёт. Инсценировканын автору – кыргыз жазуучусу Абибилла Пазылов.

Театрдын директору Орозбек Айдаровдун айтымында, спектаклдин бет ачары 2018-жылдын сентябрь айында – улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралардын алдында болот.

Пикир

Оставить комментарий