• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү жер алдындагы өтмөктөр оңдолууда

Коом 0

Бишкек, 6-июль /Даниил Хашковский - Кабар/. Бишкектеги Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөлөрүндөгү жер алдындагы өтмөктөрдү оңдоо иштери башталды.

Соода түйүндөрүнүн ээлери товарларын чогултуп, павильондорду тапшырып жатышат. Оңдоо иштерин баштаган жумушчулар жер алдындагы өтмөктүн эскирген материалдарын сыйрып, дубалдарды кырып жатат.

Оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда аталган жерде соода кылгандар ишин токтотот. “Биздин бул жакта иштегендерге убактылуу орун таап берүү укугубуз жок. Бирок оңдоо иштери бүткөн соң алар ордуларына катйып келе алат”,-деди капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Султан Өмүров.

Ал ошондой эле, ремонт иштери жүрүп жатканда атайын белгилер коюлуп, жарандардын бул жактан өтүүсүнө тыюу салынат деди.

Оңдоо иштери болжолу менен 2017-жылдын октябрь айларында бүтөт.

Эскерте кетсек, ушул жылдын жаз айларында Бишкек шаарынын мэриясы эки жер алдындагы өтмөктөрдү оңдоо иштери боюнча тендер өткөргөн. Аны менен капиталдык курулуш башкармалыгы иш алып барууда. Жалпысынан оңдоо иштерине 60 млн сом бөлүнгөн болчу.

Пикир

Оставить комментарий