• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй жана Ошто майыптыгы бар адамдардын укугун коргоо боюнча Координациялык кеңеш түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 27.08.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чүй жана Ош облусунда майыптыгы бар адамдардын укугун коргоо боюнча Координациялык кеңештер түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга юридикалык жардам көрсөтүү” фондунун президентти Толкунбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, бул багытта 2020-жылдын октябрь айынан баштап Чүй жана Оштун 15 районунда майыптыгы бар адамдардын укугун коргоо боюнча тренинг өткөрүлгөн.

“Тренингге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты. Окуунун мааниси майыптыгы бар адамдарга алардын укуктарын айтуу, коомдогу стереотиптерди кантип өзгөртүү керектиги тууралуу, мамлекет тарабынан кепилденген укуктук жардам жөнүндө маалымат берүү болду. Окуу өтүлгөн райондордо Координациялык кеңештер түзүлдү. Алар майыптыгы бар адамдардын укугун коргошот. Жакында дагы окутуулар өткөрүлөт”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 200 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт.

Пикир

Оставить комментарий