• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чүй жана Талас облусундагы айыл өкмөттөргө чакан гранттар берилет

Аймак 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирикмеси (ЖӨБ бирикмеси) Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору менен биргеликте Чүй облусунун Ысык-Ата жана Чүй райондорунун муниципалитеттери, Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Манас райондорунун муниципалитеттери үчүн долбоор менен тааныштыруу семинарын өткөрдү.

Долбоордун негизги максаты – муниципалдык кызматтарды жакшыртуу, анын ичинде айылдарды көрктөндүрүү, элди ичүүчү таза суу менен камсыздоо кызматын турукташтыруу, турмуш-тиричилик калдыктарын чыгаруу, коомдук жайларды жарыктандыруу, ар түрдүү ийримдерди ачуу менен жаштарга, балдарга ыңгайлуу шарттарды түзүү, китепканалардын иштөөсүн камсыз кылуу, жана башка жергиликтүү жашоочуларга көрсөтүлүп жаткан түрдүү кызматтарды туруктуу, сапаттуу жана жеткиликтүү көрсөтүү боюнча башкаруу системасын түзүү. Жалпылап айтканда, долбоор айыл аймактардагы кызматтардын элге жеткиликтүүлүгүн, сапаттуулугун жана туруктуулугун жакшыртууга багытталган.

Долбоордун эксперттери тарабынан долбоордун максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн “Кызматтарды жакшыртуу аракеттер планын” (КЖАП) иштеп чыгуу шарттарын, муниципалитеттер аралык кызматташуу шарттарын, чакан гранттарды алуу үчүн сынакка катышуу мүмкүнчүлүктөрүн айтып беришти.

Сынактын жыйынтыгы менен Чүй облусунун Ысык-Ата жана Чүй райондорунан, Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Манас райондорунан тандалып алынган пилоттук айыл өкмөттөрүнө өз аймагындагы кызматтарды жакшыртуу боюнча иштелип чыккан долбоорлорун (КЖАПтарын) ишке ашыруу үчүн чакан гранттар берилет.

Белгилей кетсек, аталган долбоор ЖӨБ бирикмесинин көмөктөшүүсү менен 2021-2022-жылдары Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 54 пилоттук айыл өкмөттөрүндө ийгиликтүү ишке ашырылып кызматтарды жакшыртууга багытталган 19 902 209 сомдук гранттар берилген. Бир катар муиципалитеттерде муниципалдык кызматтар туруктуу уюштурулуп эффективдүү иштеп келет. ОШол себептен башка региондорго жайылтуу максатка ылайык болду.

Семинарда президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Сыргак Кыдыкеев, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Канымет Осмонбеков, аталган райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары, долбоордун жетекчиси Асель Мамбетова жана КР ЖӨБ бирикмесинин директору Бектурган Орозбаев катышты.

Пикир

Оставить комментарий