• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй жана Ысык-Ата райондорундагы шайлоо участкаларында өрттү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Чүй жана Ысык-Ата райондорундагы шайлоо участкаларында өрттү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Чүй районундагы Арал орто мектебиндеги № 7060 шайлоо участкасында жана Ысык-Ата району Красноречка айыл аймагындагы №7106 шайлоо участкасында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан “Өрт коопсуздук эрежелери боюнча” маалымат баракчалары таркатылды.

Эскерте кетсек, алдыдагы боло турган шайлоого карата өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ведомствонун облустук башкармалыктарынын жетечилерине, тиешелүү кызматкерлерине жер-жерлердеги шайлоо участкаларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо, алдын алуу багытындагы иштерди күчөтүүнү тапшырган. Бүгүнкү күндө өлкө аймгындагы шайлоо участкаларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо багытындагы иштер байма-бай улантылып, ар бир участоктогу комиссия курамына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий