• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй жана Жаңы-Чек айылдарында жапайы өскөн кара куурай жок кылынды

Коом 0

Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Чүй райондук ИИБ кызматкерлери айыл өкмөтү менен биргеликте жапайы кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө.

Облустук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, милиция кызматкерлери короолорду жана кара куурай өскөн жайларды кыдырып чыгышкан.

Жыйынтыгында Чүй айылынынын түштүк жагында 0,20 гектар жана Жаңы-Чек айылында 0,30 гектар жерде жапайы кара куурай талаалары табылган. Милиция кызматкерлери жергиликтүү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте табылган кара куурайды жок кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий