• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Чүйдө 11 күндөн бери изделип жаткан адам Чоң Чүй каналынан табылды

Кырсык 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Чүй облусунун Чолпон айылынын 49 жаштагы тургуну 7-февралда дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, жоголгон жарандын бут кийими каналдын боюнан табылгандыгына байланыштуу анын туугандары Чоң Чүй каналын бойлой издеп берүү өтүнүчү менен ӨКМге кайрылышкан.

"18-февраль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 08:30да 18 куткаруучу тартылып, саат 10:40та маркумдун сөөгүн суудан табышкан. Сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий